25 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды

2-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 53

Талас облусунда зордуктоо фактысы боюнча 25 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2000-жылдын 6-декабрында Талас районунун 1972-жылы туулган тургуну К.Кга карата ошол кездеги Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, ага издөө жарыяланган. Кийин мыйзамдагы өзгөртүүлөргө байланыштуу иш Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен кайрадан квалификацияланган.

Шектүү 2000-жылдын февраль айынан бери издөөдө жүрүп, Талас РИИБдин кызматкерлеринин издөө иш-аракеттеринин негизинде 2024-жылдын июнь айында Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарында кармалып, экстрадициялоо иштери жүргүзүлгөн.

2026-жылдын 1-февралында шектүү Кыргызстанга жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.

2-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 53
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X