К. Зулушев: «Кактус Медиа» тууралуу маалымат берди

9-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 50

Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында  “Кактус Медианын” макаласына карата козголгон иш боюнча түшүндүрмө берди.

Зулушевдин билдирүүсү боюнча,  “Кактус Медиа” сайтында жарыяланган макала боюнча Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан иш козголгон.

“Учурда Бишкек шаардык прокуратурасы тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Тиешелүү экспертиза даярдалган. Азырынча жообу чыга элек. Макалада Кыргызстан биринчилердин болуп ок атты деген маалымат болгон. Өзүңүздөр билгендей, эки мамлекеттин ортосунда чек ара боюнча олуттуу маселе бар. Ким болбосун баары бирдей жооп бериши керек. Сөз эркиндигин чектөө деген бизде ой дагы болгон жок. Биринчи май райондук прокуратурасы өзүнүн функционалдык милдетин аткарып, иш козгоду. Эгер тергөөдө далилденсе, анда жоопко тартылат”, — деди ал.

Эске салсак, 27-январда “Кактус Медианын” сайтында чек ара аймагындагы куралдуу кагылышуу тууралуу макала жарыяланган. Бул боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо, башкача айтканда, бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Белгиленген аракеттин мыйзамдуулугуна баа берүү үчүн Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан тергөө улантылууда.

9-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 50
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X