3-май — Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү
Дүйнөлүк басма сөз эркиндик күнү 1994-жылдан бери жыл сайын 3-майда белгиленип келет.
Ал БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1993-жылы бекитилген. Бул чечим, “Дүйнө жүзүндө басма сөз эркиндигин камсыз кылуу жөнүндө” 1991-жылы ЮНЕСКОнун башкы конференциясынын 26-сессиясында кабыл алынган.
Бул күндү белгилөө демилгеси Африка өлкөлөрүнүн көз карандысыз басма сөз өкүлдөрүнө таандык. 1991-жылы дал ушул күнү Намибиянын борбору Виндхукта Африка өлкөлөрүнүн көз карандысыз басма сөз өкүлдөрү дүйнө жүзүнүн өкмөттөрүн басма сөз эркиндигин камсыз кылууга чакырган. Көзкарандысыз жана Плюралисттик Африка Басма сөзүн жайылтуу жөнүндө Виндхук Декларациясында жактырылган.