3-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 3-мартта Ысык-Көл облусунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 10…15, Таласта 9…14, Ысык-Көлдө 6…11, Нарын облусунда күндүз 0…5 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абаж жана Баткен облустарында күндүз 14…19 градуска чейин жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз 12…14 градуска жетет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X