3-мартта Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат

Эртең, 3-мартта, Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү жолдор убактылуу жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун 30 жылдыгына карата өткөрүлө турган салтанаттуу иш-чарага байланыштуу таңкы саат 06:00дөн 12:00гө чейин Чүй көчөсү (Орозбеков-Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү) жана эски аянт (Абдумомунов көчөсүнүн Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү) жабылат.

Кайгуул кызматы айдоочуларды алдын ала альтернативдүү каттамдарды тандап алууга чакырды..

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X