3 жаран «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунан баш тартышты — ВИДЕО

8-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дин 18

Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, Сузак районунун 3 тургуну «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунан баш тартышты. Алар буга чейинки кадамдары туура эмес экендигин моюндашты.

Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иштеринин натыйжасында облус аймагында жыл башынан тартып 16 адам каттоодон чыгарылган.

Учурда облус аймагында ЭММКАК багытында 545 адам каттоодо турат. Алардын ичинен 485 адам «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү катары катталган.

8-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дин 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X