30-июлдан тарта Киев көчөсүнүн эки тилкесинде кыймыл чектелет
30-июлдан тартып Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнүн эки тилкесинде жылуулук тармактарын жаңылоо иштерине байланыштуу автоунаалардын кыймылы жарым-жартылай чектелет. Бул тууралуу «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, реконструкциянын кийинки этабынын алкагында Киев көчөсүнүн Абдрахманов менен Шопоков көчөлөрүнүн, ошондой эле Шопоков менен Ибраимов көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүктөрүндө эски жылуулук түтүктөрү жаңыларына алмаштырылат.
Тактап айтканда, Абдрахманов менен Шопоков көчөлөрүнүн аралыгында диаметри 159 миллиметр болгон, ал эми Шопоков менен Ибраимов көчөлөрүнүн ортосунда диаметри 219 миллиметр болгон түтүктөр орнотулат.
Белгилей кетсек, буга чейин Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги оңдоо иштери ийгиликтүү аяктаган.
Муниципалдык ишкана шаар тургундарын жана айдоочуларды жол каттамдарын алдын ала пландап, убактылуу жол чектөөлөрүн эске алууга чакырды.