30 жыл аралыгында Бишкек шаарында иштеген мэрлер
Ушул жылдын 26-августунда Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо болуп өтөт. Азырынча талапкерлер толук аталып бүтө элек. Кимдин мэр болуп келээри тууралуу да аңыз кептер айтылган жок. Бирок, кандай болгон учурда да эки калаанын тургундары шаарларды мыкты деңгээлде башкарып кете алчу жетекчилер келсе экен деп турушат. Айрыкча борбор калаабызга мыкты уюштургуч менеджер, жаңычыл көз караштагы шаар башчысынын келиши зарыл. Борбор калаа -бул өлкөнүн жүзү. Анын өсүшү, өнүгүшү мамлекеттин өнүгүүсүнүн күзгүсү болот эмеспи. Андыктан, татыктуунун татыктуусу шайланса деген изги тилек бар!
30 жылда канча мэр иштеди?
1990-1991-жылдары шаардын биринчи мэри болуп Акматбек Нанаев шайланган. Ушул мэрдин тушунда баш калаабыз Фрунзе Бишкек деп кайра аталган. Анын учуру башкаруу кыйын кезеңдерге тушугуп, элдин жер басып алуу иштери менен коштолгондугу белгилүү. Нанаев ошол тушта кырдаалдан чыгуунун көп жолдорун издеген дешет. Ал жер басып алуучуларга шарттарды коюп, айыл чарбалык багытындагы жерлерди жеке менчик үй курууга шаар тургундарына берүүгө аргасыз болгон. Бирок, алар шарттарды аткарбай, кээ бирлери мыйзамсыз иш-аракеттерге барышып, айрым баш аламандыктар орун алган.
2-мэр Абдыбек Суталинов 1991-жылдан 1992-жылга чейин шаар башкарган. Ал милициянын генерал-майору болгон. Бул мэр кызматта кыска убакыт олтургандыгы үчүн маанилүү деле окуялар болгон эмес.
3-мэр Өмүрбек Абакиров. Бул мэр да 1992-жылы шайланып, бир жыл эмгектенген. Аз убакыт аралыгында жөнөкөй муниципалдык кызматкеринен шаар мэрине чейин көтөрүлгөн Абакиров да маанилүү маселелер менен алектенгенге жетишпей кызматтан кайра кеткен.
4-мэр Жумабек Ибраимов 1993-жылдан 1995-жылга чейин кызматты ээлеп турду. Дал ушул мэрдин тушунда азыркы Бишкектин көрүнүшүнүн башкы этабы башталган. Ал мурдагы завод, фабрикалуу Бишкекти чач тарачтуу, дүкөндүү, дарыканалуу шаарга айлантууга аракет кылган. Азыркы маршруттук таксилер да ошондо пайда боло баштаган — дешет шаар тарыхын изилдегендер.
5-мэр Борис Силаев 1995-жылдан 1998-жылга чейин мэр болгон. Бул мэрди шаардыктар өздөрү шайлап алышкан. Кафе, барлар ушул мэрдин тушунда курула баштаган. Ал жеке ишкерлердин шаарды өнүктүрүүсүнө ишенген. Андыктан, чет элдик бизнесмендер шаарда соода борборлорун ача башташкан. Коомдук ажатканалар, балдар ойной турган аянтчалар да ушул тушта курулган. Бул мэр шаардыктардын эсинде “жакшы мэр”,- деп сакталып калган.
6-мэр Феликс Кулов. Ал да бул кызматта бир жыл олтурган (1998-1999-ж.ж.) Генерал Кулов Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнө желекти орнотуп, ага күзөт койгондугу, жаңы конуштарда карапайым эл араң курган үйлөрдү трактор менен түрттүрүп, буздурганы менен элдин эсинде калган.
7-мэр Медетбек Керимкулов 1999-жылдан 2005-жылга чейин эмгектенди, 6 жыл шаар башкарган узак мөөнөткө шайланган жалгыз мэр. Анын тушунда баары бир калыпка түшүп, азыркы Бишкек түптөлгөн. Анткен менен тазалык маселелери, ирээтсиз базарлар ошол кезде көп пайда боло баштаган.
8-мэр. 2005-жылы мэр болуп Аскар Салымбеков иштеген. Ал кызматта бир нече ай эле тургандыктан көп иш жасай алган эмес.
9-мэр Арстанбек Ногоев 2005-жылдан 2007-жылга чейин иштеди. Бишкекти гүлгө оройм деген аракети менен белгилүү.
10-мэр Данияр Үсөнов. Кызматта бир жыл олтурган. Ал көп иштерди жасайм деп айтып, бирок аз иш аткарган. “Ош” базарынын тегерегин ирээтке келтирем дегенинен майнап чыккан эмес. Тазалыкты сактоо үчүн таштанды таштоого болгон төлөмдөрдү көтөргөн.
11-мэр Нариман Түлеев кызматта эки жыл олтурган. Түштүк магистралды курдурган мэр катары белгилүү. Анын тушунда шаарга Кытайдан автобустар алынып келинген. Ошол автобустарга байланышкан чыр кийин аны абакка олтургузду. «Бишкек Түлеевдин тушунда гүлдөгөн» — дешет азыр шаар тургундары. Ала -Тоо борбордук аянты оңдоп-түзөөдөн өткөн.
12-мэр Иса Өмүркулов 2010- 2013-жылдарда кызматты аркалады. Ал кыйын кезеңде мэр болгон. Өмүркулов кызматка келгенде шаардын борбордук бөлүгү революциядан кийинки талкаланган кейпинде болгон. Шаардагы бак-дарактарды дарылоо иштерин жана “Ош” базарын биринчи жолу калыпка сала алган мэр катары эсте калган.
13-мэр Кубанычбек Кулматов. Кызматта 2 жыл олтурду. Тазалыкты орнотом деп аракет жасады. Көп кабаттуу унаа токтоочу жайлардын курулушун баштоону сунуш кылган. Ал да орундалган жок.
14-мэр Албек Ибраимов 2016-жылы шайланган. Ал Бишкек шаарындагы бак-дарактарды кыйып, алардын ордуна жаңы, баасы өтө кымбат көчөттөрдү олтургузгандыгы менен эсте калды.
15-мэр Азиз Суракматов 2018-жылы мэр болуп шайланып, 2020-жылкы октябрь революциясынан кийин кызматтан кетти. Бул мэр шаарга бакчаларды курдурганы менен элдин эсинде калды сыяктанат. Азиз Суракматов шаарда пандемия шартында башкарып, карантиндик чараларды сактоодо жоопкерчилик алып турду.
Азиз Суракматовдон кийин шаарды башкаргандар тез-тез алмашты. Ал тургай бул кызмат орунду талашып-тартышып, бир саат болсо да мэрдин креслосунда олтуруп калууну эңсеп чыккандар болду.
Октябрь революциясынан кийин мэрдин милдетин аткаргандар
16-Жоошбек Коёналиев өзүн-өзү шайлап, кызматка отурган мэрдин милдетин аткаруучу катары тарыхта калды. 2020-жылдын Октябрь революциясынан кийин Коёналиев шаар мэриясына тарапташтары менен барып, өзү эле ээлеп алган. Аны өлкөдө түзүлгөн координациялык кеңеш шайлаган деген сөздөр да тараган. Бирок, 2 күндөн кийин ал креслосун бошотуп, мэриядан чыгып кетүүгө аргасыз болду.
17-Коёналиев кызматтан кеткенден кийин Бишкек шаардык мэрия алдында Азиз Суракматовду кайра мэр кылып шайлоо талабы коюлуп, митинг өттү. Ошентип, Суракматов кайра келди.
18-Азиз Суракматов экинчи жолу мэрлик кызматка келгенден кийин 2 жума гана иштеди. Ал кызматын шаардын мурдагы мэри Нариман Түлеевге өткөрүп берди. Түлеев кызматта 7 күн гана турду. Нариман Түлеев аны кызматка эл суранып алып келгенин айтканы менен кайра эле мэрияны таштап кетти.
19-Балбак Түлөбаев 2020-жылдын 27-октябрында мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал кызматта 3 айдан ашык убакыт туруп, эл менен тыгыз иштешкен, эң жөнөкөй мэр катары калды. Түлөбаев эл менен социалдык баракчалар аркылуу түз сүйлөшкөн мэрдин милдетин аткаруучу болду.
20-Эрмек Нургазиев мэрдин милдетин аткаруучу болуп бир суткага жетпеген убакыт гана иштеди. Айрым маалыматтарда ал креслосунан 5 сааттын ичинде кол жууганы айтылды.
21-Бактыбек Кудайбергенов өзүнүн өтө токтоолугу менен шаардыктардын эсинде калды. Ал бир да маселеде өзүнүн так оюн билдирген жок. Ал тургай маршруттук таксилердин иш таштоосуна да реакция жасаган жок. “Колумдан эч нерсе келбейт”,- деп көшөрүп олтуруп, аларды кайра линияга чыгарып алды.
22-Таалайбек Сарыбашев Оштун мэри болуп иштеп турганда Бишкек мэриясына ротацияланып келди. Ал Ош шаарында жакшы иштегендигине байланыштуу өлкө жетекчилиги тарабынан колдоого алынып, бул кызматта убактылуу милдет аткаруучу болуп келгени ачык эле айтылды. Таалайбек Сарыбашев келип эле тазалык боюнча маселе козгоп, дароо ишембилик уюштурду. Ал азыр парктарды кыдырып, куураган бактарды, саргарган Бишкекти суугаруу иштерине кызуу киришкен. Бирок, 10 күн кызматта туруп эле кайра өз арызы менен кызматын тапшырды.
23-кечээ Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Айбек Жунушалиев келди. Айбек Жунушалиев буга чейин Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.
Мэрлер шаарды өзгөртө алат
Дүйнөдө ондогон мэрлер өздөрү башкарган шаарларды таанылгыс кылып өзгөрткөн жайлары бар. Алардын сап башында 1995-жылдан 2003-жылга чейин Колумбиянын Боготе шаарында мэр болгон Антанас Мокус турат. Мэр болгончо ал математик, философ кесибин аркалаган. Бирок, шаарда ага чейин өкүм сүргөн кылмыштуулукту 70 пайызга кыскарткан.
Жайме Лернер 1971-жылдан 1992-жылга чейин Бразилиянын Куритиба шаарында мэр болгон. Ал архитекторлук билимин шаардын жол тутумун оңдоого колдоно алган. Мэр ишке киришкенде Куритиба шаары таштандыга оронгон, жол тыгыны көп шаар эле. Лернер таштандыны жоготуу үчүн жергиликтүү калкка таштанды чогултсаңар ордуна тамак-аш жана акча берем деген. Жээктердеги таштандыларды чогулткан балыкчыларды да ал акча берүү менен өзүнө тарткан. Ошентип, ал тазаланган шаардын башкы планын такыр жоюп, жолдорду алты тилкелүү кылып өзгөртүп, тыгындарды азайтканга жетишкен.
Кен Ливингстон 2000-2008- жылдары Лондон шаарында мэр болгон. Ал эски автобустардагы жол кире төлөө тутумдарын алмаштырып, жаңы унааларды алып келүү менен алар үчүн өзүнчө тилкелерди ачып, абалды оңдогон. Жол тыгыны анын схемасынан кийин 20 пайызга кыскарган.
Шаарларды өзгөрткөн мэрлердин катарында 2006-жылы Сеул шаарына мэрликке тандалып алынган О Се Хун да турат. Ал шаардын дизайнын таанылгыс кылып өзгөрткөндүгү менен белгилүү. О Се Хун милдетин жакшы аткаргандыгы үчүн эки мөөнөт мэр болуп иштеген. Ал сеулдуктарды таза суу менен камсыздоо, эски имараттарды сүрдүрүп, жаңыларын курдуруу менен алектенген. О Се Хундун башкаруусу алдында заманбап аялдамалар пайда болгон.
Чечкиндүү кадам күтөбүз!
Санак боюнча эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылдык тарыхында Бишкектин мэри болуп иштегендердин катары деле 30га жетип калыптыр. Албетте алардын айрымдары шаардын өнүгүүсүнө чоң салым кошуп кетишти. Бирок, бири да борбор калааны таанылгыс кылып өзгөртүп, мыкты жыйынтык көрсөтө алган жок. Бир күн, 5 саат иштеп, келгенинен кеткени тез болгон мэрлердин туруксуз иштегендиги да иштин солгун болушуна таасир берди сыяктанат. Бишкек тигинен эмес, капталынан өсүп, жаңы конуштар менен толукталганын, шаардын борбордук бөлүгүндөгү анча-мынча имараттардын курулушун эске албаганда инфраструктуралык жактан да мыкты бурулуштардын жасалбагандыгы өкүндүрөт. Эми жаңы шайланып келген мэрден чечкиндүү кадамдарды күтөбүз. Айрыкча базарларды ирээтке келтирүү, транспорт маселелери, тазалыкты сактоо, эски имараттарды жаңылоо, шаардын генпланын өзгөртүү боюнча иштерди тезинен ишке ашыруусун каалайбыз!
Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА