300 гектар жерди камтыган “Талас Органик” долбоору старт алды

15-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 160

Талас облусу, Чыңгыз Айтматов району, Аманбаев айылы Аймакта жашылча-жемиштерди сактоо жана кайра иштетүүгө багытталган ири агроөндүрүш долбоору ишке киргизилди. “Талас Органик” ЖЧКсынын өндүрүш комплексинин капсула салуу аземи болуп өттү.

Долбоордун алкагында учурда 300 гектар айдоо жер өздөштүрүлүп, анын 40 гектарына картошка эгилди. Аймакта тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп, 100 метр тереңдиктеги скважина казылды. Ошондой эле көлөмү 10 миң куб метр болгон суу сактагыч пайдаланууга берилди.

Мындан тышкары, 20 гектар аянтта заманбап муздаткыч кампалар жана жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү өндүрүш комплекси курулууда. Долбоордун жалпы наркы 320 миллион сомду түзөт.

“Альянс Алтын” Өнүктүрүү фондунун колдоосу менен буга чейин 200 миллион сом бөлүнүп, каражат айыл чарба техникаларын жана заманбап жабдууларды сатып алууга, суу чарба инфраструктурасын жана тамчылатып сугаруу системаларын орнотууга жумшалган.

Ишкананын курулушу ыкчам темпте жүрүүдө. Долбоор ушул жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилиши пландалууда.

Бул долбоор Талас облусунда жүздөгөн жумуш орундарын түзүп, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө, фермерлердин мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана экспорттук потенциалды жогорулатууга өбөлгө болот.

15-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 160
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X