300 млн сом кайда кетти? Онкоцентрдеги каржы маселеси иликтенүүдө
Улуттук онкология жана гематология борборуна 2025-жыл үчүн бөлүнгөн 300 миллион сомдон ашык каражат пайдаланылбай калып, мамлекеттик бюджетке кайтарылган. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов «Кабар» агенттигине билдирди.
Учурда каражаттын өздөштүрүлбөй калышынын себептерин аныктоо боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, мекемени мурда жетектеген жетекчиликтин аракеттерине баа берилет.
Буга чейин Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев борбордо пландан тышкары текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн натыйжасында медициналык жабдуулар жана кызматкерлердин шарттары боюнча бир катар көйгөйлөр аныкталган. Алгач борбордун жетекчилиги маселени каржылоонун жетишсиздиги менен түшүндүрүп келсе да, азыркы маалыматтар каражаттын олуттуу бөлүгү (300 млн сомдон ашык) колдонулбай калганын көрсөтүүдө.
Учурда Өкмөт бул каражаттарды мекеменин муктаждыктарын канааттандыруу үчүн кайрадан бөлүү маселесин карап жатат.