31-августта Свердлов районунда үч фан-зона иштейт

10-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 125

31-августта Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Бул маанилүү иш-чараларды шаар тургундары Свердлов районунда уюштурулган үч фан-зонадан түз эфирде көрө алышат.

Фан-зоналар:

  • «Алга» спорт комплекси — Үсөнбаев көчөсү, 200/1;
  • №66 мектеп — Чыгыш-5 кичи району, 1а;
  • №21 мектеп — 1-Энесай көчөсү, 1.

Аянтчаларда чоң LED-экрандар орнотулуп, эл аралык иш-чаралар түз эфирде көрсөтүлөт. Мындан тышкары, коноктор үчүн концерттер, улуттук оюндар, көргөзмөлөр, фотозоналар, фуд-корттор жана эс алуу жайлары уюштурулат.

Демек, 31-августта Свердлов районунун тургундары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана ШКУ саммитинин маанилүү учурларын чогуу көрүп, майрамдык маанайга күбө боло алышат.

10-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 125
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X