31 жаштагы Союзбек Надырбеков спорт агенттигине кызматка келди

28-апрель, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 25

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалыматына караганда, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп 31 жаштагы Союзбек Надырбеков дайындалды.

Союзбек Надырбеков 1990-жылы 16-сентябрда Оштун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жарык дүйнөгө келген.

Жогорку билимдүү. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин эстрадалык вокал, Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин корей тили бөлүмүн аяктаган.

Кореядагы Чунг-Анг университетинин ички жана тышкы саясат багытында окуган. Мындан тышкары, президенттин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүп, аспирантураны улантууда.

Иш тажрыйбасы: консультант, координатор, кеңешчи, менеджер, уюштуруучулукту аркалаган.

28-апрель, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 25
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X