Кыргызстан менен Өзбекстандын укук коргоо органдарынын биргелешкен ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу жана сатуу менен алектенген канал аныкталып, анын ишине бөгөт коюлду.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Баткен облусунда ири көлөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу фактысы аныкталды.
Алынган ыкчам маалыматка ылайык, Тажикстан Республикасынан Кыргызстандын аймагы аркылуу Өзбекстанга «гашиш» баңгизатын өткөрүү каналы иштеп келгени белгилүү болгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган Э.Э.Й. аттуу жаран баңгизатты сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган. Анын унаасынан жана өзүнөн 3 килограмм баңгизат табылган.
Андан соң жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында анын жашаган жеринен дагы 31 таңгак баңгизат алынган. Жалпы алынган заттын көлөмү 34 килограмм 448 граммды түзгөн.
Учурда алынган заттардын так түрүн аныктоо максатында соттук-химиялык экспертиза дайындалды.
Ошондой эле бул кылмыштуу схеманын башка мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
Биргелешкен аракеттердин алкагында Өзбекстан Республикасынын аймагында да кошумча операция жүргүзүлүп, 14 килограмм гашиш жана 1 килограмм апийим алынган. Мындан тышкары, 1995-жылы туулган Х.Т.Т. аттуу шектүү кармалган.