342 млн долларга алтын экспорттолду
Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак Кыргызстан 2026-жылдын июль айында чет өлкөгө 341,6 млн долларга 2 тонна 389,6 килограмм иштетилбеген алтын саткан.
Алтындын негизги көлөмү Швейцарияга экспорттолуп, 2,3 тоннага жакын алтын үчүн 304 млн доллар түшкөн.
Улуу Британияга 38,1 млн долларга 292 килограммдан ашык алтын жөнөтүлгөн.
«Эркин-Тоо» пресс