35 балага 30 млн сомдук угуу процессорлору сатып алынды
Кыргызстанда биринчи жолу угуусу начар 35 бала үчүн Cochlear компаниясынын заманбап сүйлөө процессорлору сатылып алынды.
Маалыматка ылайык, жалпы наркы 30 млн сомду түзгөн жабдуулар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен түздөн-түз Австралиядагы өндүрүүчү заводдон, ортомчуларсыз сатып алынган.
Жаңы жабдууларды балдарга тапшыруу аземи 18-августта өтөт.
Адистердин айтымында, заманбап сүйлөө процессорлору угуусу начар балдардын угуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртып, алардын баарлашуусуна, билим алуусуна жана коомго активдүү аралашуусуна шарт түзөт.
Бул демилге балдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, алардын толук кандуу билим алып, коом менен эркин баарлашуусуна өбөлгө түзөт.