35 жылдык тарых жана жаңы багыттар. Жергиликтүү башкаруу боюнча республикалык жыйын өтүүдө
Ысык-Көл облусунда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 35 жылдыгына арналган «Жергиликтүү өз алдынча башкарууга 35 жыл – Уңгужол жамааттардын демилгеси жана өнүгүүнүн келечеги» аттуу республикалык семинар-кеңешме башталды.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан уюштурулуп, Түп районундагы Ысык-Көл айыл аймагында өтүүдө.
Семинар-кеңешмеге Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаев, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана өлкөнүн бардык аймактарынан келген өкүлдөр катышууда.
Иш-чаранын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 35 жылдык өнүгүү жолу, жергиликтүү жамааттардын демилгелери, ийгиликтүү тажрыйбалар жана аймактарды өнүктүрүүнүн келечектеги багыттары талкууланат.
Ошондой эле семинардын жүрүшүндө жергиликтүү башкаруунун сапатын жогорулатуу, жамааттардын активдүүлүгүн арттыруу жана аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча пикир алмашуулар болот.