«4-5 мафия менен алышып жатабыз»: Айыл чарба министри көйгөйлөрдү атады
Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков тармакта көп жылдан бери топтолгон көйгөйлөрдү чечүүдө «4-5 мафия» менен күрөшүп жатканын билдирди.
Бул тууралуу министр УТРКда блогер Ыдырыс Ысаков менен болгон дебатта айтты. Ысаков буга чейин Айыл чарба министрлигинин ишин бир нече жолу сынга алып келген.
Акунбековдун айтымында, айыл чарба тармагындагы көйгөйлөр 30 жылдан бери топтолуп келгендиктен, аларды бир күндө чечүү мүмкүн эмес.
«Суунун мафиясы бар. 30 жылдан бери мамлекеттен сууну 3 тыйындан алып, элге 15 тыйындан сатып келген Суу колдонуучулар ассоциациялары болгон. Реформанын алкагында муну колго алдык», — деди министр.
Ошондой эле ал жер маселесинде да мыйзамсыз схемалар бар экенин айтты. Анын маалыматына караганда, айрым адамдардын малы жок болсо да, асыл тукум чарбасы бар деген негизде мамлекеттен 100 гектарга чейин жер алып, аны кайра субарендага берип келишкен.
Министр үрөн чарбаларында да көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, айрым чарбалар иш жүзүндө үрөн өндүрбөй туруп эле тиешелүү статус менен иштеп келген.
«Булардын баары системалуу көйгөйлөр. Биз 4-5 мафия менен алышып жатабыз», — деди Акунбеков.