4 талапкер бир мандаттуу округдардан шайлоого катышуудан баш тартты

Кечээ, 17-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясына бир мандаттуу шайлоо округдарынан парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткан 4 талапкердин арызы түштү.

Алар:

— Мавлянова Махабат Эргешовна (Ноокен округу);

— Исакулов Жылдызбек Абдилахатович (Свердлов округу);

— Курманалиев Акыл Курманбекович (Сокулук округу);

— Абдылдаев Тынчтыкбек Кубатович (Токтогул округу).

Эске салсак, буга чейин бир мандаттуу округдардан парламенттик шайлоого катышууга ниеттенген 381 талапкерден арыз түшкөнү маалымдалган болчу.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X