40 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү

Республика боюнча 41 миң 854 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өтсө, анын ичинен 5 миң 317 адам экинчи дозасын алгандар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. Эскерте кетсек, Республикалык иммунопрофилактика борборуна Кытай өлкөсүнөн “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасы, ал эми Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келинген.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X