400 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда аз камсыз болгон 400 үй-бүлөгө акчалай жардам, кийим-кече жана азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардамдар берилди. Бул иш-чара “Ассанабил” эл аралык кайрымдуулук фонду менен Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматташтыгынын алкагында жүргүзүлдү. Жардамдын жалпы суммасы 7 миллион сомду түздү.