50 жылды мелжеген ири долбоор

14-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 53

2026-жылдын февралында Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында заманбап асма жолу (фуникулер) пайдаланууга берилди. Австриялык технология менен курулган бул объекттин узундугу 1 чакырымды түзүп, саатына 1000ге чейин адамды 2166 метрден 2494 метрге чейинки бийиктикке көтөрө алат. Кабиналар жабык болуп, ар бири 10 жүргүнчүгө ылайыкталган. Адистер анын иштөө мөөнөтү 50 жылга жетерин белгилешүүдө.

Жол киренин бир адамга чыгып-түшүүсү 600 сом деп белгиленген. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде ишке ашырылып, анын алкагында беш жылдыздуу мейманкананын курулушу да каралган.

Долбоордун экинчи этабында линияны дагы 12 чакырымга узартуу пландалууда. Ал көзөмөл өткөрүү пунктунан башталып, улуттук парктын эң кооз жана жетүүгө кыйын аймактарына чейин жетет. Мындан тышкары, маршрут 21 коттеджге алып баруучу жаңы туристтик инфраструктураны камтыйт. Белгилей кетсек, «Ала-Арча» капчыгайындагы асма жолдун курулушу 2025-жылдын январында башталган. Жалпы узундугу 23 чакырымды түзгөн бул долбоор өлкөнүн туризм тармагындагы эң ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болору күтүлүүдө.

Асма жолдордун устасы – Doppelmayr компаниясы
default

“Хан-Теңири” эс алуу жайындагы асма жолду курган австриялык Doppelmayr компаниясы дүйнөдө канат жолдорду куруу боюнча алдыңкы орунда турат жана Кыргызстанда туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө активдүү катышууда. Маселен, 2026-жылдын май айына чейин «Жыргалаң» туристтик борборунда эки асма жолу ишке берилсе, жыл аягына чейин дагы төртөөнү бүткөрүү пландалууда. Аталган долбоорлор «Ала-Тоо Резорт» менен биргеликте ишке ашырылып, өлкөнүн туристтик потенциалын арттырууга багытталган. Жалпысынан алты асма жол курулуп, алардын бардыгын 2026-жылы аяктоо мерчемделген.

Компаниянын маалыматына ылайык, колдонулуп жаткан жабдуулар эң заманбап технологияларга негизделген. Doppelmayr дүйнөнүн 89 өлкөсүндө 14 600дөн ашык асма жол куруп, алардын көбүн бийик тоолуу аймактарда ишке ашырган. Компания 4000 метрге чейинки бийиктикте да объекттерди куруу тажрыйбасына ээ жана кыш мезгилинин катаал шарттарында да иш алып барууда чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экени белгиленет.

Ала-Арча жаратылыш паркындагы “Хан-Теңири” эс алуу борборунун директору Бакыт Ибраимов:“Асма жолдогу система коопсуздукту өзү камсыздайт”

Бүгүнкү күндө Ала-Арча жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан “Хан-Теңири” эс алуу борборунда курулган асма жолго кызыккандардын агымы токтобой турат. Бул жерге жергиликтүү тургундар гана эмес, алыскы-жакынкы өлкөлөрдөн келген туристтер да байма-бай каттап, жаңы эс алуу жайын өз көзү менен көрүүгө ашыгышууда. Биз да бул жайга баш багып, борбордун директору Бакыт Ибраимов менен иш үстүндө кыскача маектештик.

– Бакыт Алтымышович, асма жолдун курулушу туристтер үчүн гана эмес, жергиликтүү калк үчүн да чоң кубаныч жаратты окшойт…

– Албетте, мындай ири долбоордун ишке ашышына Мамлекет башчысы Садыр
Жапаров жана анын командасынын демилгеси чоң өбөлгө болду. Алардын аракети менен эл үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, туризм тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Асма жолдогу кабинкалардын жашыл түстө тандалганы да бекеринен эмес, бул табият менен айкалышып, экологияга болгон аяр мамилени билдирет. Фуникулёрлор акыркы үлгүдөгү технология менен жабдылган. Жай мезгилинде күн ысык болгондо алардын ичинде аба алмаштыруу үчүн атайын шарттар каралган. Коопсуздук маселеси да жогорку деңгээлде болуп, ар бир кабинага көзөмөл камералары орнотулган.

Күн ачык күндөрү тоо текелердин ылдый түшүп келгенин да көрүүгө болот. Асма жолду дүйнөгө белгилүү Doppelmayr компаниясы курган. Алар буга чейин Сочи шаарында жана Алматыдагы Шым-Булак сыяктуу белгилүү эс алуу жайларында да ушундай долбоорлорду ишке ашырышкан.

Бүгүнкү күндө биздин эс алуу борборуна келген эс алуучулардын саны тынымсыз өсүүдө. Жумуш күндөрү миңден ашык адам келсе, дем алыш күндөрү бул көрсөткүч 5 миңге чейин жетип, үй-бүлөсү, бала-бакырасы менен келгендер жаратылышыбыздын кооздугуна суктанып, жагымдуу таасирлер менен кайтышууда. Бул жай бүгүнкү күндө конокторду сыймыктануу менен алып келип көрсөтө турган, өлкөбүздүн көркүн ачкан жайлардын бирине айланды.

– Өткөндө асма жолдо техникалык мүчүлүштүк болуп, эл арасында кооптонуу жаралды. Мындай жагдайлардын алдын алууга мүмкүнбү?

– Бул – техника, кээде күтүлбөгөн жагдайлар болуп калышы ыктымал. Ал учурда электр энергиясы өчүп, фуникулёрлор убактылуу токтоп, система автоматтык түрдө авариялык режимге өттү. Коопсуздук талаптарына ылайык, дароо блок коюлуп, бардык процесстер көзөмөлгө алынды.

Мындай учурлар үчүн бизде атайын резервдик генератор каралган. Электр энергиясы үзгүлтүккө учураганда, генератор ишке кирип, асма жол авариялык режимде ишин улантат. Ошол күнү ылдый жактагы Байтик айылындагы подстанцияда мүчүлүштүк болуп, электр энергиясы өчүп калган. Бирок, тиешелүү кызматтар 30 мүнөттүн ичинде кайра калыбына келтиришти. Ошол эле учурда биз кошумча генераторду ишке киргизип, 15-20 мүнөттүн ичинде кабиналардагы адамдарды коопсуз түрдө ылдый түшүрүүгө жетиштик. Бул окуя социалдык тармактарда ар кандай пикирлерди жаратты. Ошондуктан мен жарандарды мындай учурларда сабырдуулукка чакырып, бардык коопсуздук чаралары толук камсыздалганын белгилеп кетким келет.

– Асма жолдо жүрүүнүн да өзүнчө талаптары бар го?

– Ооба, белгилүү эрежелер бар. Мисалы, эс алуучуларга фуникулёрдун ичине тамак-аш алып кирүүгө тыюу салынган. “Беш кол тең эмес” дегендей, келген адамдар ар түрдүү болот. Ошондуктан биз тартипти сактоо менен бирге, ар бир конокко ыңгайлуу шарт түзүүгө аракет кылып жатабыз.

Учурда кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Жакынкы күндөрү балдар аянтчасы, спорт менен машыгууга ылайыкталган воркаут аянтчалары курулат. Мындан тышкары, аялдар жана эркектер үчүн өзүнчө, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ылайыкташтырылган дааратканалар салынып, аймакты жашылдандыруу иштери да пландуу түрдө уланууда.

Келген коноктордун ыңгайлуулугу үчүн эс алуу борборунун каттоо жайын кеңейтүү каралууда. Бул иштердин баары келген эс алуучулар жакшы эс алып, жагымдуу маанай менен кайтышы үчүн жасалып жатат. Ошол эле учурда биз коноктордон жаратылышка аяр мамиле кылып, тазалыкты сактоону өтүнөбүз. Анткени, бул кооз жерге көптөгөн туристтер келет. Ар бирибиз айлана-чөйрөгө жоопкерчилик менен мамиле кылсак, жасалып жаткан иштерибиздин үзүрү дагы да даана көрүнмөк.

– Фуникулёрдун иштөө тартиби тууралуу айтып берсеңиз?

– Фуникулёр күн сайын эртең менен саат 10.00дөн кечки саат 19.00гө чейин иштейт. Жайкы мезгилде иштөө убактысын дагы узартуу пландалууда. Акыркы көтөрүлүү 18.45те жүргүзүлүп, саат 19.00дө система толугу менен токтотулат. Андан соң кабиналар атайын гаражга киргизилет.

Техникалык коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, ай сайын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери менен биргеликте толук текшерүү жүргүзүлөт. Мындан тышкары, ар жуманын дүйшөмбү күнү борбордун өз кызматкерлери тарабынан техникалык кароо иштери жүргүзүлүп, ал күнү эс алуучуларды тейлебейбиз.

Фуникулёрдун ичинде үн берүүчү система орнотулган. Учурда маалыматтар орус тилинде берилүүдө. Бирок келечекте кыргыз жана англис тилдеринде да автоматтык билдирүүлөрдү киргизүү пландаштырылууда.

Коопсуздук үчүн ар бир таяныч пунктка атайын датчиктер орнотулган. Катуу шамал болгондо система автоматтык түрдө авариялык режимге өтүп, фуникулёр токтотулат. Бул жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн маанилүү чара. Зарыл учурда операторлор системаны кол менен башкарып, ылдамдыкты минималдуу деңгээлге түшүрүп, адамдарды коопсуз түрдө түшүрүшөт.

Кенже Осмоналиева

P.S. Жарандар кошумча маалымат алуу үчүн (0555) 76-66-76, (0706) 76-67-67 байланыш номерлерине кайрыла алышат.

Khanteniri.resort

 

14-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 53
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X