500 орундуу жаңы мектеп Кочкордо пайдаланууга берилет
Нарын облусунун Кочкор районундагы Арабаев атындагы мектептин жаңы имараты курулуп бүттү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 500 окуучуга ылайыкталган жаңы имараттын жалпы аянты 4136 чарчы метрди түзүп, үч кабаттан турат. Мектепте заманбап лабораториялар, китепкана, IT-кабинеттер, эмгек класстары жана бардык шарттары каралган спорт залы бар. Ошондой эле окуучулар үчүн жайкы футбол жана волейбол аянтчалары курулган. Учурда имаратка эмеректерди орнотуу иштери жүрүүдө.
Белгиленгендей, буга чейин иштеп келген мектепте 1800 окуучу билим алып, орун жетишсиздиги жаралган. Жаңы имарат пайдаланууга берилгенден кийин бул маселе чечилери күтүлүүдө.
Маалымат үчүн, мектептин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.