"Эркин-Тоо"

ИШ-ЖУМА / №31 2023-жылдын 18-апрели

Чек ара 1924-жылкы карта менен чечилбейт…

“Кыргыз-тажик чек арасы маселесинде жылыштар жок эмес, бар. Бирок өтө жай жүрүп жатат. Эгер эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен эки тарап тең чек ара сызыктарын сызууга макул болсо, тилкелерде бир эле айлык жумуш калды. Бирок кошуналар жакшы келе жатышып эле айрым тилкелерге келгенде бул жерди 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуштарын киргизишүүдө. Ошол үчүн маселе кечеңдөөдө. Чындыгында 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуш юридикалык жана моралдык жактан да туура келбейт. Анткени, 1924-жылы алар да, биз да өзүнчө мамлекет эмес элек”, — деди Садыр Жапаров.

Бишкек шаарында 6 миң батир салынып жатат. Президенттин айтымында аймактарда да көп кабаттуу үйлөрдү салуу камылгалары башталды. Мисалы: Нарында “Кумтөрдүн” акчасына салынып, элге Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилмекчи. Кичи шаарларда жана район борборлорунда да ипотекалык батирлер салынат. “Калктын саны өсүп жатат, ошондуктан мындан ары көп кабаттуу үйлөрдү курууга басым жасап, мамлекет өзүбүз салып берели деп жатабыз”, — деди Президент. Таласта да “Жерүй” берген каражатка көп кабаттуу үйдүн долбоору даярдалууда. Жалал-Абадда 200дөн ашык батир салынып жатат.

Белгилей кетсек, мамлекет батирдин 1 чарчы метрин 550 доллардан куруп, 20 жылдык мөөнөт менен МИК аркылуу элге бермекчи. Батир алууга кезекке туруу электрондук форматта болуп, мамлекеттик мекемеде иштегендер гана эмес, бардык жарандар кезекке тура алышат.

Президент ошондой эле Нарын шаарынын ички жолдорун оңдоо иштеринин каражат булагы кайдан болот деген суроого жооп берип, ал үчүн бюджеттен акча бөлүнбөгөндүктөн Президенттин демөөрчүлүк фондунан акча бөлүнөөрүн билдирди.

“Жакында Жумабек Салымбеков “Бай түшүм” банкынын атынан 50 миллион сом демөөрчүлүк кылган. Ошол акча менен Нарын шаарынын жолдорун баштаттым.

Кечээ Сергей Ибрагимов “Бакай” банкынын атынан 100 миллион сом демөөрчүлүк кылды. Бул акчаны да Нарынга берем. Мындан сырткары, Баткен менен Талас шаарларынын жолдорун ченеп чыккыла деп Транспорт министрлигине тапшырма бердим. Кийинки жылдары жасайбыз деп ниет кылып турам”, — деп билдирди Садыр Жапаров.


Азык-түлүк туруктуулугун сактоого эки сунуш

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 15-апрелде Вашингтондо Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун жазгы жыйындарына катышып, «Азык-түлүк коопсуздугунун коркунучуна жооп берүүдөн азык-түлүк системасын өзгөртүүгө өтүү» аттуу тегерек столдо сөз сүйлөдү

Өз сөзүндө азык-түлүк туруктуулугун бекемдөө үчүн эки багытты сунуштап, анын биринчиси катары дүйнөлүк экономикалык коомчулук эркин сооданын жана товарлардын эркин жүрүүсүнүн жалпыга белгилүү принцибин карманышы керек деп белгиледи. Анын пикиринде соодадагы тарифтик жана тарифтик эмес тоскоолдуктар, чек ара маселеси, импорт жана экспортко тыюу салуулар чакан өлкөлөргө терс таасирин тийгизүүдө. “Эгер ушундай кичинекей өлкөлөр эреже менен ойноп, башкалар эреже менен ойнобосо, биз абдан кыйналып калышыбыз мүмкүн”, — деди ал. Экинчиден, ачык рынокто атаандаштыкка жана кез келген бардык кризистерге, анын ичинде жаңы кризистерге туруштук берүү үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөр айыл чарба жана азыктүлүк системабызды кайра түзүүбүз зарыл, — деп белгиледи Акылбек Жапаров.


Экология жана экономика ажырагыс маселе

Кыргызстан дүйнөлүк коомчулук менен бирге туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн бардык чараларды көрүп, экономикалык өнүгүү менен айлана-чөйрөнү коргоонун ортосундагы тең салмактуулукту бекем сактоону улантат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Санкт-Петербург шаарында 14-апрелде өткөн КМШ мамлекеттеринин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 55-пленардык отурумунда сүйлөп жатып айтты. Ошону менен бирге Төрага Кыргыз Республикасынын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясын кабыл алып, 2023-2027-жылдар “Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы” деп жарыяланганын эске салды. Нурланбек Шакиев Президенттин Жарлыгы менен 2040-жылга чейин суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга багытталган суу боюнча улуттук стратегия кабыл алынганын белгиледи.

Белгилей кетсек, КМШ ПААнын сессиясында экология маселеси каралып, Төрага Нурланбек Шакиев “Экология жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдикукуктук базаны жакшыртуу” темасында баяндама жасады.


Акылбек Жапаров Аджай Бангага эмне деди?

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтондо Дүйнөлүк банктын жаңы президенти Аджай Банга менен жолугушту. Белгилей кетсек, Аджай Банга жаңы кызматына 1-июлдан баштап киришет.

Жолугушууда тараптар Дүйнөлүк банктын өлкөбүздө ишке ашырылып жана алдыда пландалып жаткан долбоорлору боюнча пикир алмашты. Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин ишмердигинде өлкөнүн энергетикалык тармагы артыкчылыктуу багыт экендигин айтты. Ал “Камбар-Ата-1” ГЭСи жөнүндө айтып, бул долбоор сууну сактоочу жана аймактагы республикалар үчүн суунун булагы катары жалпы аймактык мааниге ээ “жашыл” долбоор деп белгиледи. Аджай Банганы бул маселе менен жакындан таанышуу үчүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Дүйнөлүк банк башчысына тышкы карызды жашыл жана климаттык долбоорлорго алмашуу боюнча демилгенин локомотиви жана лидери болууну сунуш кылды. Аджай Банга МинКабдын Төрагасынын бул сунушунун маанилүүлүгүн белгилеп, Дүйнөлүк банк бул маселени дыкат карап чыгат деп билдирди.


Виталий Меркелов менен маектешти

Россиянын “Газпром” ишканасы өлкөбүздү газдаштыруу иштерин жүргүзүп жатканы жалпыга маалым.

17-апрелде Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “Газпром” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Виталий Маркеловду кабыл алды.

Жолугушууда 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын газ менен камсыздоо жана газдаштыруунун башкы схемасынын алкагында республиканы газдаштыруу системасын жакшыртуу боюнча мындан аркы чаралар талкууланды. Ошондой эле газ менен камсыздоо маселесинде күзкыш мезгилинин жыйынтыгы боюнча да сөз болду. Акылбек Жапаров “Газпром” бир катар социалдык жана спорттук объектилерди куруп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.


Каналды оңдоо иштери жүрүп жатат

Ноокен районундагы “Шайдан ветка”, Аксы районундагы ХХII Партсъезд, Кербен шаарындагы Барпы каналдарын оңдоо иштери жүрүүдө. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев аталган райондордо болуп, аткарылып жаткан иштерди жеринде көрүп чыкты. “Шайдан ветка” каналынын 448 метр аралыгын бетондоо жумуштары жүрүп жатат. Жумуш бүтсө каналдан 50%га чейин суу жоготууну кыскартууга мүмкүн болот. Аксынын ХХII Партсъезд каналын толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана бир чакырым аралыкты бетондоого 15 млн сом керектелет. 4830 метрди түзгөн Барпы каналын оңдоо үчүн да керектүү каражатты табуу зарыл.

Бакыт Төрөбаев жергиликтүү бийлик ээлерине ирригациялык объектилерди реабилитациялоонун сметасын кайра карап чыгууну тапшырды. Ал облустук жана райондук өнүктүрүү фонддордон каржылоону сунуштап, кошумча каражат республикалык бюджеттен берилээрин айтты.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№31 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 18-апрели

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!