"Эркин-Тоо"

ИШ-ЖУМА / №32-33 2023-жылдын 21-апрели

Аңдабай айтылган сөздөрдөн кармануу зарыл

 

Кечээ Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевди кабыл алды.

Анда 2021–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы, анын ичинде мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилди жакшыртуунун жүрүшү тууралуу сөз болду.

Каныбек Осмоналиев талкууланып жаткан “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору боюнча маалымат берди.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик тилди колдоо, сактоо жана өнүктүрүү – мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин айтып, мамлекеттик тилди кеңири жайылтуу жагынан Улуттук комиссиянын көрүп жаткан чараларын канааттануу менен белгиледи.

Ошону менен катар Мамлекет башчысы Улуттук комиссиянын төрагасына катуу эскертүү берип, тил саясаты, тагыраак айтканда кыргыз тилин латын алфавитине өткөрүү жөнүндө аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакырды.

“Кыргыз тилинин латиницага өтүүсү тууралуу сөз кылууга азырынча эрте. Кириллицадагы мамлекеттик тилди талаптагыдай, сабаттуу деңгээлде билүүсүн камсыз кылмайынча, латын алфавитине өтүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Азыр бул боюнча маселе жок, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү кириллицада улантуу керек” деди Садыр Жапаров.

Министрликтерде, ведомстволордо жана башка органдарда мамлекеттик тилдин абалына өзгөчө көңүл буруп, Улуттук комиссия тарабынан тил саясатын өркүндөтүү боюнча иштерди улантуу жана чараларды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.


Ажо Асек Урманбетовду 100 жылдык мааракеси менен куттуктады

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, акын жана жазуучу Асек Урманбетовдун үйүнө барды.

Жеңиш күнүнүн алдында Сүйүнбек Касмамбетов Президент Садыр Жапаровдун атынан уникалдуу мааракеге – Асек Урманбетовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата жылуу куттуктоосун окуп берди. Президент анын турмуштагы эрдиги, бекемдиги жана Жеңишке карай кажыбас эрки үчүн ыраазычылык билдирип, чың ден соолук каалаган.

Сүйүнбек Касмамбетов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери эрдиктин, кайраттуулуктун жана Мекенге болгон сүйүүнүн үлгүсү экенин белгиледи. Өз кезегинде Асек Урманбетов Мамлекет башчынын көңүл буруусу жүрөгүн жылытканын айтып, каалоо-тилектери үчүн ыраазычылыгын билдирди.


“Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ААК түзүлдү

Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) ортосундагы туруктуу өз ара аракеттенүүнү орнотуу, ошондой эле кошумча финансылык ресурстарды мобилизациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ачык акционердик коому түзүлдү.

“Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ААКны түзүүнүн негизги максаты – артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн БАЭден түз инвестицияларды Кыргыз Республикасынын экономикасына тартуу. Мындан тышкары “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ААК инфраструктураны жана энергетиканы өнүктүрүүгө, экспортту колдоого, жаңы технологияларды тартууга, өнөр жайды модернизациялоого, кошумча нарк чынжырчасын түзүүгө жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого басым жасайт.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ачык акционердик коомунун тең негиздөөчүсү болуп саналат.

“Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 100 млн АКШ долларын түзөт, инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү менен 1,2 млрд АКШ долларына чейин болот. Төлөнгөн капитал компаниянын баштапкы түзүлүшү үчүн уставдык капиталдын 5%ын түзөт. Башкача айтканда кыргыз тараптан 2,5 млн АКШ доллар суммасындагы уставдык капитал төлөнөт.


Инвестициялык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашат

Кечээ Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) болгон жумушчу сапарынын алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-президенти, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Президенттин иштери боюнча министри Шейх Мансур бин Заед Аль-Нахайян менен жолукту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасына тартылган эмираттык инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүнүн жогорку динамикасын, анын ичинде энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууну белгилешти. Бул багытта БАЭнин “Masdar” компаниясы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында күн электр станциясын куруу долбоору, ошондой эле бир катар инвестициялык долбоорлор белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында экинчи тарап соодаинвестициялык кызматташтыкты диверсификациялоого жана БАЭнин алдыңкы компанияларынын ичинен Кыргыз Республикасында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартууга умтула тургандыгын билдиришти.


Жергиликтүү соттордун судьялары дайындалды

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине Ысык-Көл, Баткен, ЖалалАбад, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат ордуна 20 талапкерди дайындоо боюнча сунуш киргизилген.

Президент судьяларды дайындоо жөнүндө чыгарган Жарлыктарга ылайык, дайындалган бир катар судьялар жергиликтүү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди.


Окуучуларды чыр-чатактарга колдонууга жол берилбейт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча жыйын өткөрдү.

Анда билим берүү тармагын реформалоонун негизги багыттары талкууланды.

Акылбек Жапаров коомчулукта нааразычылык жараткан борбор калаадагы №1 интернат-гимназияда болуп өткөн окуяларды катуу сынга алып, мектеп окуучуларын чырчатактарга тартууга жана колдонууга жол берилбестигин белгиледи.


Экспорт болсо, экономикада өсүш болот

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайык Кыргызстандын азыктүлүк продукцияларын экспорттоо маселеси боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.

Бакыт Төрөбаев Россия Федерациясына балык продукциясын, тоок этин жана сүт азыктарын экспорттоонун көлөмүн жогорулатуу үчүн ЕАЭБдин талаптарына ылайык бардык шарттарды түзүү зарыл экендигин белгиледи.

“Экспорт жакшы болсо ишкерлерге мүмкүнчүлүк түзүлөт, экономикада өсүш болуп, бюджет толот. Экспорт боюнча кандай гана маселе жаралбасын, анын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү жана күчөтүү зарыл” деди ал.

Жыйындын соңунда ЕАЭБдин техникалык регламентин аткаруу үчүн ички ченемдик укуктук актыларды карап чыгуу, ихтиология боюнча тиешелүү адистерди жана лабораториялардагы адистерди кыска мөөнөттө окутуу, ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү жана өз жумушуна шалаакы мамиле кылган жооптуу кызматкерлерге чараларды көрүү тапшырмаларын берди.

“Эркин-Тоо” пресс

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!