60тан ашуун өлкө Ооганстан боюнча билдирүү таратты
60тан ашуун мамлекет Ооганстандагы чет өлкөлүк жарандардын өлкөдөн коопсуз чыгып кетүүсүн камсыздоого чакырышты. Билдирүүнү колдогондордун арасында АКШ, Франция, Германия, Украина, Италия жана Улуу Британия дагы бар.
«Өлкөдө орун алган окуяларга байланыштуу, биз бардык өлкөлөрдү Ооганстандын аймагындагы чет өлкөлүктөрдүн жана өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган оогандардын коопсуздугун камсыздоого чакырабыз»,- деп жазылат билдирүүдө.
Билдирүү тараткан мамлекеттер мындан тышкары жолдорду, аэропортту жана чек ара өтмөктөрдү ачык кармап турууга чакырышты.
Талибандардын чабуулу АКШ жана НАТОго кирген союздаш мамлекеттердин аскерлери чыгарылары менен башталган. Бир нече жуманын аралыгында Талибан кыймылы өлкөнү толугу менен басып, өзүнүн көзөмөлүнө алды. Дүйшөбүгө караган түнү кыймылдын расмий өкүлү Мухаммед Наим «Ооганстанда согуш аяктады»,- деген билдирүү таратты.