63 жылдан кийин Ош облусунун Араван районунда архитекторлор үчүн жаңы имарат курулду…
Жаңы административдик имараттын курулушу 2026-жылдын 19-январында башталган. Имараттын жалпы аянты 580 чарчы метрди түзөт. Долбоор Курулуш министрлигинин ички ресурстарынын эсебинен ишке ашырылып, кызматкерлер үчүн заманбап шарттар түзүлдү.
Буга чейин башкармалыктын кызматкерлери 1963-жылы курулган эски имаратта көп жылдар бою иштеп келишкен.
Белгилей кетсек, Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин жеке көзөмөлүндө бүгүнкү күндө министрликке караштуу 20га жакын административдик имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул иштер аймактардагы мамлекеттик мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо менен катар, аймактык инфраструктураны өнүктүрүүгө, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.