Жол эрежесин одоно бузган 4 автобустун айдоочусу иштен алынып, 2 айдоочу 50% сый акысынан, 8 айдоочу 100% сый акысынан ажыратылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында иш алып барууда.
Буга чейин жол эрежелерин одоно бузган 10 айдоочу жумуштан алынып, 21 айдоочу сый акысынан ажыратылган.
Белгилей кетсек, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин билүү деңгээли боюнча сынактан өткөрүүдө.