67 миңден ашык үй-бүлө жаңы төрөлгөн баласы үчүн сүйүнчү алды
2026-жылдын 1-июлуна карата жаңы төрөлгөн балдарга берилүүчү бир жолку «Балага сүйүнчү» төлөмү 67 миң 468 балага дайындалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган төлөмдөрдү каржылоого республикалык бюджеттен 271 млн 34 миң сом багытталган.
Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын ушул мезгилинде «Балага сүйүнчү» төлөмүн 65 миң 967 баланын үй-бүлөсү алган.
Министрлик белгилегендей, «Балага сүйүнчү» мамлекеттик колдоо чарасы катары бала төрөлгөндө үй-бүлөлөргө берилет. Төлөм мыйзамда белгиленген тартипте республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.