680 сомдук эт кайда сатылат? Бишкектеги фудтрактардын толук тизмеси

4-август, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 168

Бишкекте “Кыргыз Агрохолдинг” ААК тарабынан уюштурулган эт сатуучу фудтрактар ишин улантууда. Анда эттин баасы 680 сомдон сатылууда.

Жеткиликтүү баада этти төмөнкү даректерден сатып алууга болот:

 Аламүдүн-1 конушу, Сагынбай Манасчы көчөсү, 7/1;
Көк-Жар кичи району, 3/1;
7-Апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши;
Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилиши;
Тунгуч кичи району;
Ортосай базары;Гагарин жана Космостук көчөлөрүнүн кесилиши;
Ленин көчөсү, 135;
Төмөнкү Жал кичи району, Тыналиев көчөсү;

Москва жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши.

Долбоор шаар тургундарын сапаттуу эт менен жеткиликтүү баада камсыз кылууга багытталган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X