"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңештин депутаты Илимбек КУБАНЫЧБЕКОВ: “Таза, адилеттүү өткөн шайлоонун мөмөсүмүн”

Өлкөбүздө калкынын саны боюнча айрым облустардан алдыда турган Ош облусунун Кара-Суу району экендиги талашсыз. Дал ушул аймактан жакында Жогорку Кеңешке 29 жаштагы Илимбек Кубанычбеков көпчүлүктүн тандоосуна татып, эл өкүлү болуп шайланды. Биз бул сапар аламан жарыш учурунда алдыга озуп чыккан эл өкүлү менен кеңири маанайда баарлаштык.

— Илимбек Кубанычбекович, Кара-Суу району соңку жылдары Матраимовдордун кланынын “ордолуу очогуна” айланып калгандыгы баарыбызга маалым. Ошондой чырмалышкан кландык “ордодон” депутаттыкка аттанып, жайнаган талапкерлердин арасынан алдыга озуп чыгышыңызга каржылык фактор таасир эттиби же жердешчиликтин желаргысы менен жеңишке жетиштиңизби?

— Кара-Суу району өлкөбүздөгү өзгөчө мааниге ээ, калкынын саны, экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө орду бар аймак экендиги талашсыз. Мен сөзүмдүн башында айтып коеюн, Кара-Суунун кулуну экениме мен ар убак сыймыктанам. Көкүрөгүмдөгү эли-жериме кызмат кылсам деген аруу тилектерим менен буга чейин Кара-Суу районунда жергиликтүү кеңешке эки ирет депутат болуп шайландым. 2020-жылы парламенттик жарышта партиянын катары менен депутаттыкка аттанып, ал шайлоодо Парламентке келүү буйрук болбоптур. 2024-жылы №9 Кара- Суу бир мандаттуу шайлоо округунан эл өкүлү болууга аттанып, Жаратканымдын колдоосу, элибиздин тандоосу жана жалпы командабыздын аракети менен ийгиликти багындырдык. Силер айткандай, каржы жагынан деле самандай акча сапырып жиберген жокпуз. Сапырып жибергидей акчабыз деле жок. Жеке өзүм карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулгам. Мамлекеттик кызматкер болгон соң ашыкча деле каржылык жактан байып кете албайсың да. Болгону ага-туугандын каржылык жактан колдоосу менен шайлоонун майда-баратына жумшалчу чыгымдарды жаап турдук. Карапайым дыйкандын баласы деле шайлоого аттанып, аракет кылып, жеңип чыкса болоорлугуна шарт түзүп берген Мамлекет башчыбызга ыраазычылык билдиргим келет. Мага окшогон карапайым, амбициясы бар жүздөгөн жаштарга бул жолку шайлоо чоң мүмкүнчүлүк болду. Мындан ары кыргыздын идиректүү, тың, билимдүү жигиттери самандай сапырган акчасы болбосо деле таза күрөш менен жеңишти камсыздап, элге кызмат кылса болоорлугуна дал ушул соңку шайлоолор мисал болууда. Мен Парламентке таза, адилеттүү өткөн шайлоонун мөмөсү болуп келдим деп ойлойм.

Отузга чыга элек жаш жигиттин эл өкүлү болууга тажрыйбасы жетет бекен? Дегеним, сиздей жаштарга гана эмес, Парламенттеги бир канча чакырылышка депутат болушкан тажрыйбалуу кесиптештериңиздин дарегине көп сын-пикирлер айтылып келет эмеспи.

— Жогорку окуу жайды аяктаган соң жогоруда айтканымдай Кара- Суу районундагы Ак-Таш айылдык жергиликтүү кеңешине эки ирет депутат болуу шыбагама буюруптур. 2022–2024-жылдары Жогорку Кеңештин депутатынын жар- дамчысы болуп иштедим. Ал ортодо 2020–2022 жылдары Бишкек шаарындагы №5 шаардык стоматологиялык клиникада врач-ортодонт болуп, кесибим боюнча эмгектендим. Андыктан, айрымдар сымал Жогорку Кеңештин короосуна түп-түз көчөдөн же өнчөй ишкерлик кылып келгеним жок. Мандат буюрган соң эми Парламенттен элибизге пайда алып келген мыйзам долбоорлорун демилгелеп, кабыл алдырганга жетишсем дейм. Сурооңуздан улам мага бир ой келүүдө. Эч ким бул жалганга тажрыйбалуу болуп төрөлүп келбейт да, туурабы? Андыктан, “көрө-көрө көсөм болот” деген кыргыздын кеби калп айттырбагандай, биз дагы бара-ба-ра тажрыйбага ээ болуп, колдон келген ишибизди эл-жерибиз үчүн жумшайбыз. Жеке өзүм дайым из-денүүнүн, үйрөнүүнүн, өзүм менен өзүмдүн үстүндөн иштөөнү амалында жүрөм.

— Өмүр сакчысы болгон дарыгерлик кесибиңиз менен алпурушуп жүрө бербей, саясаттын, интриганын ордосу болгон Жогорку Кеңешке келүүңүзгө эмне түрткү болду? Балким, дарыгерлик кесибиңиз менен элге көбүрөк кызмат кыла берсеңиз болот беле?

— Аламан жарыш учурунда да көпчүлүк шайлоочуларым дал ушул сындуу суроолорду берип турушту. Ооба, мен алгачкы билимимди И.Ахунбаев атындагы Медициналык академиядан алдым. Экинчи жогорку билимди Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинен алуудамын. Эл-журтума дарыгер болуп жүргөнгө караганда, Парламенттен көбүрөөк пайдам тиет деген максатта азыркы жолумду тандап алдым. Ошол эле медициналык чөйрөдө кандай гана мүчүлүштүктөр, кесиптештеримдин кесиптик ишмердүүлүгүнө, алардын укуктарына карата бир катар көйгөйлөр менен суроолор бар. Ошол маселелерди билген практик адис катары бул жааттагы мыйзам долбоорлорунун үстүндө иштеп баштадым. Келечекте ак халатчан кесиптештеримдин айлык-акылары менен алардын иштөө укуктарына карата жакшы саамалыктар орун алат деген ойдомун.

— Бизде эл өкүлү болгон соң артындагы шайлоочулары сөзсүз түрдө шайлаган депутатынан материалдык жактан жардамды байма-бай сурашаары баарыбызга белгилүү. Андай катмардагы шайлоочуларыңыздын суранычтарына жардам колун сунганга материалдык жактан мүмкүнчүлүгүңүз жетеби?

— Эгерде айрым шайлоочуларымдын ырыскысы биз аркылуу боло турган болсо биз колдон келишинче колдоп, каражат жагынан кайрылышканга даярбыз. Мендеги каражатымдын кайсы бир бөлүгүн депутаттыкка чейин деле жардам сурагандарга жардам катары берип келгем. Мындан ары деле жардамымды бере берем. Биз эми андай аялуу катмарга балык бербестен, кайырмак бергенге өтүшүбүз керек.

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!