7 миллион россиялык чет өлкөлөрдө эс ала алышпайт

Россиялык туристтер үчүн бир катар өлкөлөрдүн чек аралары ачык экендигине карабастан, 7 миллион россиялык жаран карыздарынан улам сыртка эс алууга чыга алышпайт деп билдирди “Известия” басылмасы.

Турак-жай коммуналдык тейлөөлөр, жол эрежесин бузгандык үчүн айыптар, алименттер боюнча карыздардын саны өсүүдө. Бирок, карызкорлордун басымдуу бөлүгү банктардын кардарлары, мында алардын 90-95%ы кредит жана зайымдарын төлөй албай жаткандар.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X