8 гектардан 250 тонна: Ноокендеги дыйкандын дарбызы бышып жетилди
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Жаштык айылынын тургуну Авазбек Данилов быйыл 8 гектар жерге дарбыз эгип, 250 тоннага жакын түшүм жыйноону пландап жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, дыйкан «Баба дыйкан» фермер чарбасын негиздеп, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын №309 токтомунун негизинде 8 гектар жер алып, дарбыз өстүргөн. Учурда түшүм толук бышып, жыйноо алдында турат.
Авазбек Даниловдун айтымында, түшүмдүн көлөмү болжол менен 250 тоннаны түзөт.
«Учурда Манас шаарындагы дүң базарда дарбыздын килограммы 25 сомдон сатылууда. Бизге талаадан 23 сомдон сатып алууну сунуштап жатышат. Адегенде түшүмдү базарга алып барып сатып көрөбүз. Андан кийин кайсы жол ыңгайлуу болсо, ошол боюнча иш алып барабыз», — деди дыйкан.
Ал белгилегендей, эгер быйылкы түшүм ийгиликтүү сатылса, келерки жылы да дарбыз айдоо аянтын сактап, продукцияны экспортко чыгарууну көздөп жатат. Дыйкандын айтымында, дарбызга ички рынокто да, тышкы рынокто да суроо-талап жогору. 