8-класстар үчүн математика китеби, 1-класстар үчүн иш дептери басылып чыкты

25-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Билим 84

 Жалпы билим берүү уюмдарын жаңы окуу-методикалык комплекстер менен камсыздоо иштери уланууда. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги “Учкун” ААКтан 8-класстар үчүн “Математика” окуу-методикалык комплексинин окуу китептеринин биринчи бөлүгүн жана 1-класстар үчүн “Математика” иш дептерлерин кабыл алды.

8-класстар үчүн “Математика” окуу китебинин кыргыз класстарына арналган 93 750 нускасы, ал эми орус класстары үчүн 58 725 нускасы басылып чыкты.

Мындан тышкары, 1-класстар үчүн “Математика” иш дептерлеринин кыргыз класстарына арналган 109 600 нускасы, орус класстары үчүн 70 560 нускасы даярдалды.Возможно, это изображение склад лесоматериалов и текст

Жаңы окуу-методикалык комплекстер заманбап талаптарга ылайык иштелип чыгып, билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга багытталган.

Алдыда окуу китептери жана иш дептерлери өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарына белгиленген тартипте жана өз убагында жеткирилет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X