8-сентябрь — Журналисттердин эл аралык тилектештик күнү
Журналисттердин эл аралык тилектештик күнү жыл сайын 8 -сентябрда белгиленип келет. Майрам 1958-жылы Журналисттердин эл аралык уюмунун конгрессинин чечими менен негизделген. 1943 -жылдын 8 -сентябрында фашисттер Берлинде чехословакиялык журналист жана адабиятчы Юлий Фучикти өлүм жазасына тарткандан кийин, 8-сентябрь күнү белгилене баштаган. Юлий Фучик абактагы кезинде «Өлүм алдындагы репортаж» деген китепти жазууга жетишкен. Китеп дүйнөнүн 70 тилине которулуп, бул чыгармасы үчүн журналист 1950 -жылы өлгөндөн кийин «Эл аралык Тынчтык» сыйлыгына татыган.
Дүйнө жүзүндө журналистика эң коптуу кесиптердин катарына кирет. Дүйнөнүн дээрлик бардык бурчунда жыл сайын журналисттерге кол салуулар болуп, өлүмгө алып келген учурлар арбын кездешет.
Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык өкмөттүк эмес уюмдун тараткан маалыматы боюнча, өткөн жылы дүйнөдө 32 журналист өлтүрүлүп, 65и дайынсыз жоголгон, дагы 251и түрмөгө камалган.