80 багыт боюнча иштер жүргүзүлдү
Кыргызстан 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын алкагында экономиканын жаңы багыттарын түзүүгө багыт алган. Мына ушул Программанын ишке ашырылышы кандай жүрүп жаткандыгына кызыгып, биз КРнын Экономика жана коммерция министрлигине кайрылдык. Аталган министрлик 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Министрлер Кабинетинин иш-планындагы 670 иш-чаранын ичинен 80 багыт боюнча конкреттүү иштер жүргүзүлгөндүгүн билдирди. Алардын арасында стратегиялык инфраструктуралык долбоорлор, жашыл энергетика, экспортту өнүктүрүү, чакан жана орто бизнести колдоо жана санариптик чечимдер бар.
Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы кандай болду?
2026-жылдагы иш-планы Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашыруунун негизги инструменттеринин бири болуп саналат. План 670 иш-чараны камтыйт жана алар экономиканын өсүшүнө, жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга жана өлкөнүн атаандаштык мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган. Биринчи жарым жылдыкта артыкчылыктуу багыттар боюнча 80 иш-чара каралып, алардын негизги бөлүгү индустриализация,
инфраструктураны өнүктүрүү, бизнес үчүн шарттарды жакшыртуу жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу багыттарына тиешелүү болгон.
Бүгүнкү күндө өлкөнүн географиялык жайгашуусун экономикалык артыкчылыкка айландыруу маанилүү. Ушул максатта транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Мисалы, Барскоон–Бедел автомобиль жолунун курулушу башталды. Бул жол өлкөнүн Кытай багыты менен транспорттук байланыштарын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле Бишкек шаарынын чыгыш айланма жолунун курулушу башталды. Бул долбоор борбордогу транспорттук жүктү азайтып, жол жүрүү убактысын кыскартууга багытталган. Мындан тышкары, чек ара өткөрмө пункттарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, көп тилкелүү коридорлорду түзүү жана логистикалык борборлорду өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Дагы бир маанилүү тармак Кыргыз–Кытай–Өзбекстан темир жолунун курулушу. Чүй облусунда GDP стандарттарына жооп берген фармацевтикалык логистикалык комплекс курулуп жатат. Бул долбоор саламаттык сактоо жана экономиканын өнүгүшү үчүн маанилүү кадамдардын бири. Комплекстин аянты 5 миң чарчы метрди түзөт жана ал эл аралык GDP стандарттарына ылайык курулууда. Мындай борборлор дары-дармектерди сактоо, ташуу жана бөлүштүрүү системасын жакшыртат. Натыйжада сапаттуу логистика түзүлүп, фармацевтикалык рыноктун туруктуулугу камсыздалат.
Энергетикалык тармактагы өзгөрүүлөр
Бул багытта Камбар-Ата-1 ГЭСи Кыргызстан үчүн стратегиялык долбоор болуп саналат. Камбар-Ата-1 ГЭСи өлкөнүн энергетикалык потенциалын кеңейтүүчү ири долбоорлордун бири. 2026-жылы анын негизги курулуш иштерине даярдык этаптары аяктады. Долбоордун кубаттуулугу 1880 МВтты түзөт. Анын ишке ашуусу Кыргызстанга энергетикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, өнөр жайдын өнүгүшүнө жана жаңы инвестицияларды тартууга шарт түзөт. Ошондой эле жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүү боюнча 2026–2030-жылдарга карата программа бекитилди. Бул энергетикалык системада жашыл энергиянын үлүшүн көбөйтүүгө багытталган. Буюрса долбоорлор ишке ашканда эл бул тармактагы жаңы күч-кубатты сезе баштамакчы.
Ишкерлерди колдоо
Бизнестин өнүгүшү үчүн эң маанилүү маселелердин бири каржылоого жеткиликтүүлүк. Ушул багытта чакан жана орто ишкердикти 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасы кабыл алынды. Программанын алкагында жеңилдетилген насыялоо, кепилдик механизмдери, ишкерлерди окутуу жана коштоо системалары каралган. Ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоо институттарынын консорциуму түзүлдү. Бул мамлекеттик жана башка колдоо механизмдерин бир системага бириктирүүгө мүмкүндүк берет. Кыргызстандык ишкерлердин Европа рыногуна чыгуу үчүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө басым жасалууда. Европа рыногуна чыгуу үчүн ВСП+ системасы маанилүү инструмент болуп саналат. Бүгүнкү күндө бул талаптарга жооп берген 31 ата мекендик компаниянын кеңейтилген тизмеси түзүлдү. Алардын арасында мебель, фармацевтика, зергерчилик жана тамак-аш өнөр жайынын өкүлдөрү бар. Биздин максат – ата мекендик өндүрүүчүлөргө жаңы рынокторго чыгууга шарт түзүү. Электрондук соода жана маркетплейстер багыты да өнүгүп жатат. Санариптик соода дүйнөдө тездик менен өнүгүп жатат. Кыргызстандык ишкерлер да бул мүмкүнчүлүктөрдү колдонушу керек. 2026-жылы 3138 ишкер маркетплейстерде иштөө, продукцияны илгерилетүү, логистика жана экспорттук операциялар боюнча окутуудан өттү. Бул багытта электрондук соода экосистемасын түзүү жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн санариптик платформалар аркылуу тышкы рынокторго чыгышына шарт түзүү негизги максат болуп саналат.
Ар бир реформанын негизги максаты – элдин жашоо сапатын жакшыртуу. Инфраструктуралык долбоорлор жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт, өндүрүштүн өсүшү жумуш орундарын көбөйтөт, ал эми бизнес үчүн жакшы шарттар экономиканын активдүүлүгүн жогорулатат. 2026-жылдагы иштердин негизги багыты – туруктуу экономика түзүү, инвестиция тартуу жана Кыргызстанды региондогу атаандаштыкка жөндөмдүү өлкөлөрдүн катарына чыгаруу.
Социалдык багыт
Социалдык тармакта негизги көңүл сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга бурулууда. Медициналык-социалдык экспертиза системасын модернизациялоо максатында балдар интернат тибиндеги мекемелерди, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, майыптыгы бар адамдарга жана улгайган жарандарга кызмат көрсөткөн стационардык жана жарым стационардык социалдык тейлөө мекемелерин менчигинин түрүнө карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобо бекитилди. Педагогикалык ишмердүүлүк үчүн квалификациялуу кадрлардын резервин түзүү максатында педагогикалык багыттарда билим алган студенттерди коштоп жүрүү боюнча насаатчылык (ментордук) программасы бекитилди. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана онлайн-ресурстарды пайдалануу менен кесиптик өнүктүрүү жана кайра даярдоо программаларын үзгүлтүксүз жаңылоо максатында педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо программаларынын 90 пайызы жаңыртылды. 75 онлайн-курс жайгаштырылып, алар боюнча 2026-жылы 3 918 мугалим окуудан өттү. Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу программаларына жумшак көндүмдөрдү (soft skills) жана социалдык-эмоционалдык интеллектти өнүктүрүү боюнча темалар киргизилди. Мектепке чейинки билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алган тарбиячылардын квалификациясын жогорулатуу боюнча модулдук курстардын саны көбөйтүлдү. Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо жөнүндө жобо бекитилип, илимий ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун өлчөөчү көрсөткүчтөрдүн системасы киргизилди.
Климаттын өзгөрүүсүн алдын алуу
Бул багытта тиешелүү министрликтерде иштер жүрүп жатат. Мисалы, биринчи жарым жылдыкта Чүй дарыясынын чек арага жакын кооптуу тилкелеринде жүргүзүлгөн коргоо иш-чараларынын алкагында дарыянын сол жээги эки тилкеде бекемделди. Органикалык калдыктар менен иштөө тартиби бекитилип, анда органикалык калдыктарды өзүнчө чогултуу жана кайра иштетүү каралган. Радиациялык коопсуздук системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын 2026–2028-жылдарга карата химиялык, биологиялык, радиациялык жана өзөктүк коопсуздук боюнча Улуттук иш-аракеттер планы бекитилип, ал кооптуу заттарга байланышкан тобокелдиктерди азайтууга жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга багытталган.
Жазгүл Кенжетаева