Кыргызстанда 600гө жакын лицензиянын иши токтотулду

16-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 109

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги буга чейин берилген жер казынасын пайдалануу укугуна тиешелүү лицензияларды жана лицензиялык келишимдердин шарттарынын аткарылышын масштабдуу инвентаризациядан өткөрдү.

Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө жер казынасын пайдаланууга 2 миңге жакын лицензия берилген. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында лицензиялардын жана лицензиялык келишимдердин талаптарын бузган 836 учур аныкталды.

Тармакта тартип орнотуу жана мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрүлгөн чаралардын негизинде 600гө жакын лицензиянын иши убактылуу токтотулуп, айрым лицензиялар жокко чыгарылды.

Текшерүү маалында эң көп кездешкен мыйзам бузуулар катары рекультивациялык эсептер жана реквизиттер тууралуу маалыматтардын берилбегени, бонустарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылбаганы, лицензиялардын мөөнөтүнүн өтүп кеткени, ошондой эле башка милдеттүү лицензиялык талаптардын сакталбаганы аныкталган.

Министрликке караштуу Кыргыз геология кызматына жер казынасын пайдалануу жаатындагы мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана аныкталган ар бир мыйзам бузуу фактысы боюнча тиешелүү чараларды көрүү иштерин улантуу тапшырмасы берилди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X