9 жана 11-класстардын окуучулары бүгүн мамлекеттик экзамендерди тапшырууга киришет

2-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 354

Кыргызстандын мектептеринде 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 2025–2026-окуу жылынын алкагында 2-июндан 13-июнга чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Министрликтин маалыматына ылайык, учурда өлкө боюнча бардык жалпы билим берүү уюмдарында сынактарды уюшкандыкта өткөрүү боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. Ошондой эле аттестацияны өткөрүү үчүн атайын комиссиялар түзүлүп, тиешелүү уюштуруу чаралары көрүлгөн.

Белгиленгендей, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация бүтүрүүчүлөрдүн окуу жетишкендиктерин баалоонун негизги этабы болуп саналат. Сынактар бекитилген графиктин негизинде өткөрүлөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X