90 бала жоголду

1-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 19

Кечээ, «Ала-Тоо» аянтындагы майрамдык салтанат учурунда 90 бала ата-энесин таба албай калгандыгын Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирди. Бактыга жараша балдардын баары ата-энелерине өткөрүлүп берилген. «Балдардын баары табылып, ата-энелерине, жакындарынын колуна берилди. Бир бала ИИМдин алдындагы Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу борборуна жеткирилди», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

1-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 19
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X