Бишкекте статистика органдарынын 100 жылдыгы белгиленди

23-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 34

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын статистика органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышып, тармак өкүлдөрүн өлкө башчысы жана Министрлер Кабинетинин атынан куттуктады.

Иш-чаранын башында Кыргызстандагы статистика органдарынын калыптануу жана өнүгүү тарыхын чагылдырган даректүү тасма көрсөтүлдү.

Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев 2030-жылга чейинки өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы ишке ашырылып жатканын белгилеп, анда статистиканын ролу өзгөчө мааниге ээ экенин айтты. Анын айтымында, тармакта санариптештирүүнү тереңдетүү, кошумча маалымат булактарын кеңейтүү, ошондой эле чоң маалыматтар жана жасалма интеллект технологияларын киргизүү зарыл.

Ал ошондой эле акыркы 100 жыл ичинде кыргыз статистикасы баштапкы этаптан тартып, эл аралык коомчулукка интеграцияланган заманбап системага айланганын белгиледи. “Статистика – бул маалыматтан чечимге жана натыйжага жеткирген негизги инструмент,” — деди ал.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2025-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясы 2 трлн сомго жакындап, өсүү темпи 11,1%ды түзгөн. Ал эми 2026-жылдын биринчи чейрегинде ИДПнын өсүшү 10,1% деңгээлинде болгон.

Иш-чаранын алкагында статистика тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн кызматкерлерге Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

Салтанаттуу мааракеге өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, Жогорку Кеңештин, Бириккен Улуттар Уюмунун, Бүткүл дүйнөлүк банктын, Евразия экономикалык комиссиясынын, КМШ өлкөлөрүнүн жана башка эл аралык уюмдардын жана өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты.

23-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 34
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X