Жаныбек Исаков Жумгал районунун акими болуп дайындалды

15-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 133

Жаныбек Исаков Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Жаныбек Маматович Исаков Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким кызматына дайындалды.

Жаңы дайындоо менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган иштерди күчөтүү жана жергиликтүү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу милдети коюлары белгиленди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X