Шайлоо мыйзамдары боюнча жаңы сунуштар биринчи окууда жактырылды
26-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Регламент боюнча комитети шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзам долбоорлорун биринчи окууда жактырды.
Маалыматка ылайык, комитет «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карады. Демилгечилер — депутаттар Марлен Маматалиев, Дастан Бекешев, Мирлан Жеенчороев, Айбек Алтынбеков жана Камила Талиева.
Депутат Камила Талиеванын айтымында, мыйзам долбоору шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, укуктук боштуктарды жоюу жана аны колдонуудагы тажрыйбаны эске алуу максатында иштелип чыккан.
Документте “шайлоо дареги” түшүнүгүн алып салуу жана аралыктан добуш берүү тартибин тактоо сунушталууда. Ага ылайык, шайлоочу өз округунун чегинен тышкары жерде добуш бере албайт.
Мындан тышкары, үгүт иштерин жүргүзүү тартиби да өзгөртүлүп, бир шайлоо участогунда үчтөн ашык эмес үгүтчү болуусу сунушталууда.
Жыйында депутаттар Улан Сариев менен Медербек Алиев бул чектөөнү колдошконун билдиришсе, депутат Жылдыз Таалайбек кызы үгүтчүлөрдүн санын чектөөгө байланыштуу бир катар суроолорду көтөрдү.
Ошондой эле комитет «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун да биринчи окууда жактырды. Аталган долбоор депутаттар Марлен Маматалиев, Гүлнара Акимбаева жана Айбек Алтынбеков тарабынан демилгеленген.
Депутат Гүлнара Акимбаеванын белгилешинче, мыйзам долбоору округдук шайлоо комиссияларынын ишин жөнгө салууга багытталган. Анын айтымында, өзгөртүүлөр комиссиялардын укуктук макамын тактоого жана шайлоо процессин уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.
Мындан сырткары, комитет Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан сунушталган «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун да биринчи окууда жактырды.