"Эркин-Тоо"

Аба каттамдарды жана билеттердин баасын президент жеке көзөмөлүнө алат

«Россияга учкан үзгүлтүксүз аба каттамдардын саны жана авиабилеттердин баасы боюнча түзүлгөн кырдаалды жеке көзөмөлүмө алгам. Албетте маселе татаал, бардыгы бизден гана көз каранды эмес, бирок биз бул кырдаалдан чыгуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап келе жатабыз. Россияга иштеп келүүгө жол таба албай жаткан жарандарыбыз үчүн бул канчалык маанилүү экенин билип турам. Мекендештерибиз чет өлкөлөргө жумуш издеп кетпеши үчүн биз колдон келгендин бардыгын жасап жатабыз. Ипотека боюнча иш-пландар даярдалып жатат. Турак-жайы жок жарандарыбызды турак-жай менен толук камсыз кылабыз деген аруу тилектерибиз бар. Биз сөзсүз түрдө буга жетебиз», — деп жазды Садыр Жапаров өзүнүн Телеграм-каналында.
Президенттин айтымында, аба каттамдардын санын көбөйтүү, авиабилеттердин баасын төмөндөтүү жана темир жол каттамын жандандыруу боюнча аракеттер көрүлүп жатканы менен, бул маселе Казакстан менен Россиядан дагы көз каранды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!