Абакка акча киргизүүгө аракет кылгандар кармалды
10-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Молдовановка айылында жайгашкан №1 түзөтүү мекемесине акча киргизген кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз бөлүмү билдирди.
Маалым болгондой, атайын текшерүү учурунда күрмөнүн чөнтөгүнүн астына кылдат катылган 15 миң сом табылган.
Аны соттолуп, абакта отурган жаранга берүү үчүн алып кирип баратканы аныкталган.
Бул факты Кылмыштардын жана жазыктардын бирдиктүү реестерине катталып, тергөө башталды.