Абактарга баңгизат ташыган эки жаран кармалды

14-март, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 55

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, абактарга баңгизат киргизүүгө аракет кылган эки жаран кармалган.

Тагыраагы, 11-мартта Молдовановкадагы  №27 жана №1 түзөтүү мекемелеринин короосуна баңгизат ыргытууга аракет кылган Э.уулу Б. жана Ж.Ч.Б. кармалган. Алардын жанынан жалпы салмагы 1 кг 804 граммды түзгөн 8 таңгак нашаа табылган.

Бул факты Аламүдүн ички иштер бөлүмүнө катталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

14-март, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 55
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X