«Абанын сапатын жакшыртуу» мамлекеттик программасы ишке ашырылууда

4-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 121

Кыргызстанда атмосфералык абанын булгануусун азайтуу жана экологиялык таза технологияларды жайылтуу максатында «Абанын сапатын жакшыртуу» мамлекеттик программасы ишке ашырылууда.

Программанын алкагында жарандар жана ишкерлер үчүн жеңилдетилген насыялар сунушталат. Каржылоо Элдик Банк, Айыл Банк жана Бакай Банк аркылуу жүргүзүлөт.

Ага ылайык, жеке жактар экологиялык таза жылытуу жана энергия системаларын орнотуу үчүн жылдык 6 пайыздык үстөк менен 1 миллион сомго чейин насыя ала алышат. Ал эми ишкердик субъекттерине өндүрүштү модернизациялоо жана энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүү үчүн жылдык 10 пайыздык үстөк менен 5 миллион сомго чейин кредит берүү каралган.

Бөлүнгөн каражаттар күн панелдерин, жылуулук насосторун, электр казандарын жана башка экологиялык таза жабдууларды сатып алууга багытталат.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды жана ишкерлерди аталган программага активдүү катышууга чакырат. Ведомствонун маалыматына ылайык, бул демилге айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртууга, энергияны үнөмдөөгө жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

4-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 121
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X