Абдулла – Кахи Кавсадзе дүйнөдөн кайтты

28-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 19

Кечээ, 27-апрелде советтик белгилүү “Чөлдүн ак күнү” (“Белое солнце пустыни”) кинотасмасында корбашы Абдулланын ролун аткарган грузиялык театр жана кино актёру Кахи Кавсадзе 85 жаш курагында коронавирустан дүйнөдөн кайтты. 1981-жылы ага Грузин ССРинин эл артисти наамы ыйгарылган. Кавсадзе 2020-жылдын 28-ноябрында коронавирус менен ооруп, 3 жума дарыланып айыгып чыккан, бирок 2021-жылдын фералында эки тараптуу пневмония менен кайрадан ооруканага жаткырылган.

28-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 19
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X