Абдупата Маткаликов Манас шаарынын мэри кызматынан бошотулду

18-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 295

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэри Маткаликов Абдупата Жороевич ээлеген кызматынан бошотулду.

Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 47-беренесинин негизинде кабыл алынган.

Президенттин тескемесинде белгиленгендей, Абдупата Маткаликов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Манас шаарынын мэри кызматынан бошотулган.

18-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 295
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X