АБДУВАХАБ МОНИЕВ НАГЫЗ КАЛЕМГЕР ЭЛЕ
Белгилүү журналист жана публицист Абдувахаб Мониев 23-февраль күнү 48 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды. Бул суук кабарды кыргыз журналистикасынын өкүлдөрү, дегеле жалпы журт кайгыруу менен кабыл алды. Кыргыз журналистикасынын нагыз калемгерлеринин бири, жигиттик сөзүнөн кайтпаган, жөнөкөй, баё, өлкө келечеги үчүн күйүп-жанган мекенчил жандын бул дүйнөнү эрте таштап кетет деп эч кимдин оюна келген эмес.
Абдувахаб Мониев акыркы учурларда коомдук-саясий иштерге активдүү аралашып жүргөн. Ал бир катар китептердин автору, «Генерал Ысакбек» патриоттук демилгелерди колдоо коомдук фондунун президенти болгон. Эмгек жолун 1992-жылы Ош облустук «Ош жаңырыгы» гезитинде корректор болуудан баштаган. Андан соң Чөгөм орто мектебинде лаборант, «Асаба», «Агым» гезиттеринде кабарчы болгон. «Учкун», «Ош жаңырыгы» жана «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин башкы редактору кызматын аркалаган.
Ыраматылык Мелис Эшимканов негиздеген “Асаба” гезитин кимдер гана билбейт. Мына ушул гезиттин мазмундуулугун арттырууда Алым Токтомушев, Султан Жумагулов, Жолдошбек Зарлыкбеков жана башка курч таланттардын эмгеги чоң эле. Алардын катарында кайран агабыз Абдувахаб Мониев да турган. Мониев гезиттен кеткенде Мелис Эшимканов “Абдувахабдай эч ким макала жаза албайт”,- деп кайгырганын айтып жүрүшөт.
Абдувахаб Мониев «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редакторлугуна 2010-жылы революциядан кийин дайындалган. Ал мамлекеттик гезитке редакторлук кылууда эркиндикке, принципиалдуулукка басым жасаган. «Эркин-Тоо» гезитинин электрондук версиясын негиздеген.
Коомчулук аны кыргыздын алгачкы генералы Ысакбек Мониевдин урпагы экендигин биле бербейт. Ал түп атасы генерал Ысакбек Мониев жөнүндө анын урпагы катары эмес, журналист катары китеп жазган.
Чыгаан журналисттин жазганы өзгөчө эле. Ал ар дайым социалдык тармактар аркылуу адамды билим гана жаркын келечекке жетелеп бара тургандыгын баса белгилечү. Өзүнүн эки уулун эң мыкты мектептерде чоң каражат төлөп окутуп, өзүлөрү ижарага алган батирде жашаар эле. Абдувахаб акенин: “балдарым билим алса, эр жетсе, мага жүз үй салып берет”,- деп тилек кылганын азыр жакындары эскерип турушат. Келечекке терең ой жүгүрткөн Абдувахаб Мониев арабыздан капыстан суурулуп кетти. Анын макалалары чындыктын туусун дайыма бийик көтөрүп жүрчү. Калеминин учу курч эле. Аттиң…
«Эркин-Тоо» гезитинин жалпы жамааты Абдувахаб Мониевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына кайрат айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт. Абдувахаб Мониевдин ысымы кыргыз журналистикасынын тарыхында түбөлүк сакталып кала берет.
Жазгүл Кенжетаева