Абдыкалык Акматов дүйнө салды
Кыргыз эл артисти, белгилүү актёр Абдыкалык Акматов дүйнө салды. Бул тууралуу Майрамбек Осмонов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Абдыкалык Акматов театр жана кино тармагында эмгектенип, кыргыз маданиятына чоң салым кошкон. Ал сахнада жана тасмаларда ондогон ролдорду жаратып, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
Эки күн мурун Президенттин жарлыгы менен Абдыкалык Акматовго Кыргыз Эл артисти наамы ыйгарылган. Актёр акыркы убактарда рак илдети менен күрөшүп жаткан.