Абдырахман Маматалиев, КРнын мурдагы вице-премьер министри: Эл аралык саясий аренада тааныла баштадык
Мамлекеттик башкаруудан, жетекчилик кызматтардан опол тоодой тажрыйба күткөн Абдырахман Мадакимович менен алдыдагы күтүлүп жаткан маанилүү иштердин айланасында азын-оолак баарлаштык. Ортодогу азганактай баарлашууда маектешим мамлекетчил инсан катары бир топ маанилүү маселелерди сыйдыра алды.
— Абдырахман мырза, алдыда ШКУ саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өлкөбүзгө эң оболу кайсы багыттардан таасири тийет деп ойлойсуз?..
— Быйыл Кыргызстан аталган иш-чараларды жаңы сапатта, тагыраагы, Борбордук Азия чөлкөмүндөгү экономикасы жогорку ылдамдыкта өсүп, бир топ эл аралык ири долбоорлорду ишке ашырып жаткан БУУнун коопсуздук кеңешинин мүчөсү катары өткөрүүдө. Маалыматка караганда ШКУнун жыйынына Россия, Кытай, Индия сыяктуу чоң мамлекеттердин жетекчилери, уюмдун бардык мүчөлөрүнөн тышкары байкоочу мамлекеттердин жетекчилери баштаган 21 мамлекеттин жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Бул иш-чаралар биринчи жолу ушундай чоң масштабда, жогорку деңгээлде өтмөкчү. Албетте, жыйында дүйнө жүзүндөгү тез өзгөрүп жаткан саясий кырдаал, коргоо, коопсуздук, экология, экономикалык карым-катнаш жана башка глобалдык маанидеги маселелердин талкууланышы, ушул маселелер боюнча кабыл алынуучу чечимдер дүйнө жүзүндөгү кырдаалдын мындан ары кайсы багытта өзгөрүүсүнө өз таасирин тийгизет десек жаңылышпайбыз. Албетте, бул чечимдер биздин өлкөнүн БУУнун алкагында 2027-2028-жылдары дүйнөлүк масштабдагы чоң саясатта чечимдерди кабыл алууда чечүүчү добуш менен ШКУнун кызыкчылыгын ишке ашырууга өз салымын кошууга өбөлгө түзөт. Дегеле өлкөбүз ушул жыйында кабыл алынуучу чечимдердин демилгечиси катары эл аралык саясаттагы эң дымактуу жана активдүү оюнчу катары тааныла баштайт десек да болот. Ал эми биз бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын автору катары быйыл дагы бир жолу элибиздин миңдеген жылдык тарыхы бар маданиятын, байыркы цивилизациясын, көөнөргүс ыйык каада-салттарын, жоокердик өнөрлөрүн дүйнө жүзүнө даңазалоого мүмкүнчүлүк алып жатабыз.
— Ысык-Көлдөгү эс алуу мезгили соңуна чыгууда. Быйыл Ысык-Көлдөгү туризм, алыс-жакындан барган эс алуучуларды тейлөө шарттары жана туристтик аймакка салынган жаңы имараттар боюнча кандай пикир айта аласыз?..
— Акыркы жылдары касиеттүү көлдүн тегерегинде заманбап мейманканалар, эс алуу борборлору, пансионаттар пайда болуп, туристтик кызмат көрсөтүүнүн сапаты жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө. Аэропорттор оңдолуп, жаңы жолдор салынып, айыл-шаарлар, эс алуучу жайлар көрктөндүрүлүүдө. Жыйынтыгында, биздин өлкөгө эс алууга келген туристтердин саны жылдан-жылга өсүүдө. Кошумча жумуш орундар түзүлүп, элибиздин жашоо-турмушу жакшырууда. Ушул ыргак менен кетсе, жакынкы жылдары көл кылаасы таанылгыс болуп өзгөрүп, дүйнөдөгү эң кооз эс алуучу жайлардан кем калбаган аймакка айланат деген ишенич бар.
Калыгул Бейшекеев